Жаңылыктар
Дайырбек Орунбеков: Бажы тармагындагы кирешенин жогорулашы – Президент жана анын командасынынын ийгилиги
Экономика
Дайырбек Орунбеков: Бажы тармагындагы кирешенин жогорулашы – Президент жана анын командасынынын ийгилиги

Бажы тармагынан чогулган кирешенин көлөмү кескин жогорулады. Өткөн жылдарга салыштырмалуу көрсөткүч өскөн. Мындай маалыматты Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Бажы тармагы боюнча кирешенин өсүү темпи жогорулады. Акыркы 2 жылда бул тармактын кирешеси пландан ашыгы менен аткарылып жатат. 2022-жылы бажыдан 74,3 млрд сом чогулган.

2023-жылдын январь-февраль айындагы көрсөткүчтөр дагы ийгиликтүү башталды.

Бажы кызматы, 2023-жылдын январь айында республикалык бюджетке 6 млрд 42 млн сом акча чогултту. Бул көрсөткүч коюлган пландан 316,4 млн сомго ашыкча.

2023-жылдын февраль айында 6 млрд 488 млн сом чогулган.

Сиздерге 2017-2023-жылдардын февраль айындагы чогулган бажы төлөмдөрүн салыштырып берейин.


2017-жылы 1,9 млрд сом

2018-жылы 3,2 млрд сом

2019-жылы 2,7 млрд сом

2020-жылы 1,8 млрд сом

2021-жылы 2,8 млрд сом

2022-жылы 4,7 млрд сом

2023-жылы 6 млрд 488 млн сом түштү.


Бажы тармагындагы кирешенин кескин жогорулашы – Президент Садыр Жапаров жана анын командасынынын ийгилиги. Натыйжалуу реформалар, жаңы системанын орношу, тартип жана көзөмөлдүн жыйынтыгы”-дейт Орунбеков.