Жаңылыктар
Аттокур Жапанов: Аалы Токомбаев түшүмө кирип “Ар ушакка ишенбе, мен тууралуу изилде, жаз” деп айтып жатты
Маданият
Аттокур Жапанов: Аалы  Токомбаев түшүмө кирип “Ар ушакка ишенбе,  мен тууралуу изилде, жаз” деп айтып жатты

Аалы  Токомбаев үч  ирет түшүмө кирип “Ар ушакка ишенбе,  мен тууралуу изилде, жаз”   деп айтып жатты

Аттокур Жапанов,  Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, КРСУнун  профессору 

-Сиздин 190дон ашуун китебиңиз,  жүздөгөн  макалаларыңыз,түшүндүрмө  сөздүктөрүңүз, котормолоруңуздун жарык көрүп, эл кызматында экенин жакшы  билебиз.  Интернет желесиндеги  талаш-тартыштуу пикирлерде маданияттуу көз карашыңыз бар. Адабият айдыңында  ушунчалык талыкпай, өжөрлүк менен эмгектенип   келе жатасыз. Жакында, коомчулукту   кубандырган, таң калтырган дейбизби, чыгармачылык, өмүр жолу ушул убакка  чейин  татаал, изилденсе да  карама-каршылыктуу  пикирлерге толтур а  улуу акындарыбыздын бири – Аалы Токомбаев тууралуу көлөмдүү энциклопедияңыз  жарык көрдү... 

-Үч жыл мурун улуулар менен Аалы Токомбаев тууралуу сүйлөшүп калганда “жаман киши болгон” деп айтышканын угуп,  ойлоп калчумун “чын эле жаман киши турбайбы” деп. Анан эле ошол күнү түшүмө кирди. “Жок, ал калп” деп. Кийин дагы бир жолу бирөөлөр менен отуруп сүйлөшүп калдык. Анда дагы ошол түнү түшүмө кирди. Кайра эле “мен тууралуу айткандардын баары жалган” деп… Анда да  унутуп койдум. Дагы бир күнү бир жерде адамдар дагы  Аалы Токомбаев тууралуу сүйлөшүп жатышыптыр. Баягы эле ал тууралуу ушак сөздөр айтылды. Ал күнү дагы түшүмө кирди. (үчүнчү жолу). Эртеси Аалы Молдоканов агама барып айтсам “Аалы тууралуу жаз. Ал жакшы киши болгон. Көрө албастар атайын кыргыздын лөктөрүн бири-бирине тукурушкан” - деген. Ошондон баштап иликтей баштадым. Бул китепке киришем деп деле ойлочу эмесмин. Көп адамдардан пендечилик жагын көп уктум. Кыргызда айтат эмеспи “Жакшы адамга сөз жабышат, жаман адамга чөп жабышат” дегендей кандай адам экен деп эле архивге кирип бардым. Окуй баштадым.  Анан кете бердим,  изилдей бердим. Эски гезиттерден    ксерокөчүрмөсүн чыгарып келип үйдөн компьютерге тере баштадым. Ошентип эки жылдык өмүр китепканаларда өттү. Азыр да изилдеп жатам.

-Анда сизге  Аалы Токомбаевдин жогорку күчкө  ээ болгон   руху   өзү  аткара   албай, далилдей  албаган  иштери тууралуу  аян берген көрүнөт. Акындын “Өмүр  бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин”  сөзүнүн  күчү  мына ушунда болуп жүрбөсүн!?  2024-жылы Аалы Токомбаевдин  120   жылдыгы белгиленет. Атактуу акынды убагында көрө  албастар колунан келишинче көөлөп, белгилүү  дөө-шааларды кайраштыргандыгынын чын-төгүнүн   ушул сиз түзгөн  энциклопедиядан  маалымат  алсак болот экен. Сиз акындын  көпчүлүк билбеген  тагдырынын  кайсы тарабын   ачтым деп ойлойсуз?

- Кыргыздын  улууларынын  жазгандарын таптым. Бири-бирине болгон сый мамилелерин баамдадым. Анан кандай болуп эле репрессияда бири-бири сатканын окуп алып да таң калдым. Мага кереги -  улуулардын бири-бирине жазган  макалалары кызыктуу болду.  Көптөгөн фактыларды таптым  Аалы Токомбаев тууралуу ушактын бардыгы калп экенине ынандым. Баарын айтпай эле коёюн, окурмандар “Аалы Токомбаев энциклопедиясынан” окуп алышат, ошону менен катар Фейсбукта да  жарыялап жатам.

- Окурмандарга  туура   маалыматтар  жетип жатканы  билинип   жаткансыйт... Анткени, мурдагыдай   акындын наамына  айтылган  терс   пикирлердин агымы азайгандай...Окурмандар сиз түзгөн энциклопедиядан  эмнени  алып, эмнени үйрөнө  алат? Анткени, айрымдар “...дейт” дегенге  жетеленип алып, өз алдынча ой жүгүртө   албагандыгынан  улам  улуттук   адабиятыбыздын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн   чыгармачылыгына доо кетип жүрсө керек...

- Тилегим ушактарга жетеленишпесе.  Кандай гана улуу, таза инсанды жөн жерден ушакташып жамандашкан. Улуу инсандарыбыз Касым Тыныстанов, Түгөлбай Сыдыкбековдор өз жазууларында да Аалыны жөн жерден эле касташтырышкандарын жазышканы китепте бар. Мукай, Жусуп, Мидин тууралуу дагы ушактар  жокко чыгат. Азыр деле ичи тарлык, ким алдыга баратса, жакшы иштеп жатса, ага бут тосуп, ар кандай интригаларды уюшуруп жатышкандыгын көрүп жүрөбүз го... Бул оору да.. ошол оорудан айрылсак эле күркүрөп өнүгөбүз.

-Китеп канча тираж менен чыкты,  каражат каяктан табылды, каяктан алсак болот деген  суроолор, албетте, окурманды кызыктырат...

-50 эле даана,  аны да карызга чыгардым.Көлөмү 60.5  басма табак, 967 бет. Китепти  чыгарууга  каражат табуу кыйын. Токомбаевдин чыгармачылыгына кызыккан ишкерлер болсо андан да жакшы болмок. Ал эми, акындын 120 жылдык мааракеси жакындап келатат, мамлекет тарабынан да колдоо болоор деген ойдомун. Китепти менден эле алышса болот.

-  Бүтүндөй бир институт жасачу ишти өзүңүз бүтүрүп коюптурсуз.Сиз түзгөн  энциклопедия кыргыз эли үчүн табылгыс байлык деп эсептесек болот го...  Маегибизди  улуу  акын тууралуу Чыңгыз Айтматовдун энциклопедияга  кирген   пикири  менен   аяктоону   туура көрүп олтурам:

“ Аалы Токомбаевдин жол  ачуучулук   ролунун  баасы эбегейсиз. ХХ  кылымдын  поэзиясынын  жаңы   формасы кыргыз элинин   аң-сезимине  кириши – Аалы  Токомбаевдин  ысымына түбөлүк  байланыштуу. Анын театр  өнөрүндөгү   мааниси да чоң. Токомбаевдин   драматургиясы  профессионал  орчун көрүнүш. Аалы Токомбаев ар дайым  интернационализм идеясы үчүн, орус тили  менен  адабиятынын жайылышы  үчүн күрөшүп   келгшен. Токомбаевдин көзү  өтүшү  менен  совет бийлигинин  супасындагы  негиз салуучу   пионерлердин  доору аяктап  олтурат”.

P.S. Аалы Токомбаев  тууралуу  алдыда дагы  көптөгөн  кызыктуу  материалдар  окурмандарын күтөт.

                        Маектешкен  Гүлмира   Кулумбаева