Жаңылыктар
Бүгүн элчилер кесиптик майрамын белгилөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн элчилер кесиптик майрамын белгилөөдө

Бүгүн, 24- октябрь өлкөдө  элчилердин  кесиптик майрамы.   БУУна  дүйнөнүн 214 ашык  өлкөсү мүчө болсо, Кыргызстан көз карандысыз өлкө катарында алардын дээрлик бардыгы тарабынан таанылган. Республикабыз  бардык өлкөлөрү менен байланыш түзүп,  көпчүлүгү менен саясый, экономикалык жана соода, дипломатиялык байланыштарды өнүктүрүүдө.  Алсак Кыргызстандын    27 өлкөдө элчилиги, 5 жерде башкы консулдугу,  вице- консулдугу,   туруктуу өкүлчүлугү,  ардактуу консулдуктары бар.  Тышкы саясатты жүргүзүү  КР туруктуу өнүктүрүүнун Улуттук стратегиясында  бекемделип, атайын концепция иштелип чыккан. Анда көрсөтүлгөн негизги артыкчылыктар  коопсуздукту чыңдоо,   эл аралык оң имиджи  бекемдөө болуп саналат. Адистер элчилер  барыдан мурда   ийкемдүү мамле түзө билүү сапатына ээ болуп улуттук кызыкчылыктарды коргой алган жана өз элинин каада салтын, тарыхын мыкты билген  мекенчил адамдар болушу керектигин белгилешет.

КР тышкы саясатта өз элинин кызыкчылыктарын башкы милдет катары коёт. Ошол эле учурда эл аралык деңгэээлде бирдейлешүү максаттарына шайкештешет. Мындай багыт КР турктуу өнүктүрүүнүн стратегиясында көрсөтүлгөн. Анда КР тышкы саясаты ачык, ыраттуу жана экономикалык жактан пайдалуу, саясий  коопсуз  болушу керек.  Ошол  эле учурда өлкөнүн ички керектөөлөрүн, жарандарыбыздын үмүтүн ишке ашыруунун негизинде жүргүзүлөт. Мындай жол  дипломатиянын негизги принциби. Андыктан кыргызстан  70тен ашык эл аралык кадыр барктуу  уюмдарга  мүчө болуп саналат.  Ошондой эле   учурда республикабыздын 27 өлкөдө элчилиги, 5 жерде башкы консулдугу жана 2 вице- консулдугу  3 туруктуу өкүлчүлугү, андан тышкары 30 дай мамлекетте ардактуу консулдуктары бар. 

Эгемендүүлүктүн  жылдарынан бери Кыргыз элчилери   эл аралык деңгээлде  бир катар маселереди котөрүп келет.  Ал  Манас эпосунун 1000 жылдыгын дүйнөлүк деңгээлде белгилениши, 2002- жылдын эл аралык  Тоо жылы деп жарыяланышы,  ошондой эле БУУ  мурдагы баш катчысы Кофи Аннандын, жакында кызмат ордун бошотууп берүүчү Пан Ги Мундун кыргызстанга болгон иш сапарларынын уюштурулушун  да элчилердин үзүрлүү эмгеги катары  балоого болот.  2010- жылдан тарта Кыргызстан БУУнун  Адамукуктары боюнча кенешине 2 ирээт мүчө болуп шайланды,  мындай ишенимди жаратуу ар бир эле мамлекеттин бактына туш келе бербейт дейт Тышкы иштер министрлигинин  маалымат департаментинин кеңешчиси Айымкан Кулукеева.

 Кыргыз ССРинин туңгуч тышкы иштер министри  Казы Дикамбаевдин ысымын алып жүргөн Дипламатиялык академияда келечекте  элчи болом деген жаштарга  3 негизги талап  бар.  Окуу жайдын окмуштуулар кеңешинин катчысы  Алайгүл Бекбоева  эң алды менен  ийкемдүү мамиле   жасап, улуттук кызыкчылктарды коргой билген  адистер даярдаларын билдирди.

  Эгемендүлүктү   алган алгачкы жылдан тартып 25 жыл аралыгында  Кыргызстан көптөгөн мамлекеттер менен дипломатиялык мамилесин чыңдоого жетишти. 70тен ашык эларалык уюумдарга мүчө боло алды.  Алсак эл аралык деңгээлде  "Манас эпосунун” 1000 жылдыгын белгилөө, Тоо жылы,  Жибек-Жолу доктринасынын кабыл алыншы, Ысык-Көл форуму, КМШ өлкөлөрүнун самити.ШКУ,  БДКО атоого болот.  Сонку убактарда Арап  өлкөлөрү менен да дипломатиялык мамиле жандана баштаганы белгилеп кетүүгө болот.

 Назира Молдокулова. "Биринчи радио".