Күзөт кызматкерин катуу ур-токмокко алды деп шектелген парламенттин депутаты Жаныбек Абиров өзү жазган арыздын негизинде мандатынан ажыратылды. Ага чейин кылмышка шектүү 2 адам кармалып, ал эми мушташка түздөн түз катышкан депутаттын эркиндикте жүрүшү да бир топ суроолорду жаратып койгон.