Кыргызстанда жогорку окуу жайларды сандан сапатка өткөрө турган учур келди. Эл аралык талаптарга жооп бериш үчүн университеттер формасын гана эмес, маңызы менен мазмунун дагы өзгөртүшү керек.
Мындай пикир жогорку билим берген окуу жайлардагы кесиптик билим берүүнү өнүгүү жагына трансформациялоого арналган форумда айтылды.