Жаңылыктар
Шопоков турниринен кыргызстандык спортчулар канча киреше көрүштү?
Спорт
Шопоков турниринен кыргызстандык спортчулар канча киреше көрүштү?

Бишкекте өткөн бокс боюнча эл аралык мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар 1 миллион 600 миң сомдон ашык киреше табышты.

21-25-март күндөрү Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган турнир өттү.

Турнирдин байге фонду 40 миң долларды түзүп, аны Эл аралык бокс федерациясынын (IBA) президенти бөлүп берген.

Кыргызстандыктар 23 медаль (6 алтын, 7 күмүш жана 10 коло) утуп, 18 миң 300 доллар киреше көрүшкөн.