Жаңылыктар
Вадим Немков кезектеги беттешин Йоэль Ромерого каршы өткөрөт
Спорт
Вадим Немков кезектеги беттешин Йоэль Ромерого каршы өткөрөт

Bellator уюмунун учурдагы чемпиону Вадим Немков (15-2) Йоэль Ромерого (15-6) каршы чемпиондук титулун коргойт. Турнир 16-июнда АКШнын Чикаго шаарында болот.

Ал турнирде дагы бир чемпиондук титул үчүн таймаш болот. Эң жеңил салмак категориясынын чемпиону Серджио Петтис (22-5) жарым жеңил чен бирдиктин чемпиону Патрисио Фрейреден титулун коргойт.

Немков акыркы беттешин 2022-жылы 18-ноябрда Кори Андерсонго (16-6) каршы өткөргөн. Анда калыстардын биридиктүү чечими менен жеңип, жарым оор салмакта чемпиондук курун ийгиликтүү коргоп алган.