27-март күнү Евро-2024 мелдешине тандап алуу турунун 2-айлампасы жыйынтыкталды. Жалпы 8 беттеш болду. Беттештердин жыйынтыгы, турнирдик абалды жана жайкы оюндар тууралуу маалыматтар:
В тайпасы
Голландия курамасы Гибралтарды коноктоду. Францияга каршы оюнда пенальтини киргизе албай калган Мемфис Депай бул учурда оюндан өзгөчөлөндү. Дарбазачынын катасынан пайдаланган футболчу эсепти ачты. Ал эми 2-таймда Натан Аке дубльдын автору болду. Ошентип Голландия курамасы Гибралтарды 3:0 эсебинде тизе бүктүрдү.
Мындан тышкары, Нидерландынын футболчулары токтобостон Гибралтардын дарбазасына чабуул жасады. УЕФА сайты 49 аракет болду деп эсептесе, Opta сайты 50 жолу дарбазага тебилди деген жыйынтык чыгарды. Бирок, көпчүлүк учурда тебилген топту Гибралтардын футболчулары тосуп кеткен. Ал эми он бирөөсү дарбазага таамай барса, Гибралтар атаандаш тарапка бир дагы чабуул жасай алган жок.
Ирландия курамасы Францияга бир тайм гана туруштук берди. 2-таймдын башында Джош Каллен өз аянтчасында топту Бенжамен Паварга белек кылып, ал өз кезегинде тепкен топ, дарбаза мамысына тийип кирди. Франция оюндун акыркы мүнөттөрүндө жеңишти алдырып кое жаздады, бирок Майк Меньян укмуштай куткаруусу менен Коллинзди голсуз калтырды (0:1)
1-орун Франция – 6 упай
2-орун Греция – 3 упай
4-орун Нидерланды – 3 упай
5-орун Ирландия – упай жок
6-орун Гибралтар – упай жок
Жайында Нидерланды курамасы Улуттар лигасынын финалдык оюндары менен алек болсо, Франция жана Ирландия курамалары Гибралтар жана Грецияга каршы кезеги менен ойноп чыгат.
Е тайпасы
Польша улуттук курама командасы Албанияны араң жеңди. Буга чейин Чехия менен жеңүүчүнү аныктай албаган польшалыктар Албанияны 1:0 эсебинде утту. Жалгыз голдун автору Кароль Свидерски болду. Ал эми Роберт Левандовски 2-оюн катары менен өзгөчөлөнө албай келет.
Эң кызыктуу беттеш Молдовада өттү. Анда Чехия курамасы баарын таң калтырып гол киргизе жок. Ошентип, тараптар бирден упай бөлүшүп кайтышты.
1-орун Чехия – 4 упай
2-орун Польша – 3 упай
3-орун Молдова – 2 упай
4-орун Фарер аралдары – 1 упай
5-орун Албания – упай жок
Жайында Чехия – Фарер аралдары, Польша – Молдова беттештери болот. Ал эми Албания дагы үстүдө айтылган 2 аутсайдер менен жолугат.
F тайпасы
Бельгиялыктарга ири эсебине утулган Швеция курамасы Азербайжандан өч алды. Янне Андерсондун шакирттери атаандаштын дарбазасына 5 жоопсуз гол киргизди. Эмил Форсберг, Виктор Дьекереш, Йеспер Карлссон жана Энтони Эланга бирден гол киргизишсе, Бахлул Мустафазадзе автоголдун ээси болду. Азербайжан курамасы акыркы 2 оюн ичинде 9 гол өткөрүп жиберди.
Австрия курамасы Эстония менен аябай кыйналды. Грегорич пенальтини киргизе алган жок. Көп өтпөй Эстония эсепти ачты. Рауно Саппинен голдун автору аталды. Бирок экинчи бөлүктүн жарымында австриялыктар ойгонду. Флориан Кайнц эсепти теңесе, буга чейин пенальтини киргизе албаган Грегорич катасын оңдоп жеңишти камсыздады (2:1). Линц шаарында Австрия утулуп көрө элек. 4 оюнда 4 жеңишке жетип, 17 гол киргизишти.
1-орун Австрия – 6 упай
2-орун Бельгия – 3 упай
3-орун Швеция – 3 упай
4-орун Эстония – упай жок
5-орун Азербайжан – упай жок
Жайында бул тайпада Бельгия курамасы Австрияны кабыл алат. Андан кийин Эстонияга конокко барат. Ал эми австриялыктар Швеция менен кезиксе, кийинки тур Азербайджан – Эстония беттеши менен башталат.
G тайпасы
Бир канча күн мурун Доминик Собослаи машыктыруучу Марко Россини аябай капа кылган. Бирок катасын оңдоп Болгарияга айып тебүүдөн коз гол киргизди. Венгриялыктар 1-таймда атаандашынан тамтык калтырган жок (3:0).
Ал эми Душан Влахович Сербия үчүн 3-оюн катары менен гол киргизүүдө. Черногория менен болгон беттеште дубльдын ээси болду. Ошентип сербиялыктар 2:0 эсебинде жеңишти жетти.
1-орун Сербия – 6 упай
2-орун Венгрия – 3 упай
3-орун Черногория – 3 упай
4-орун Литва – упай жок
5-орун Болгария – упай жок
Жайында Венгрия курамасы Черногория жана Литва курамалары менен жолукса, Болгария курамасы Литва жана Сербия менен күч сынашат.