Жаңылыктар
«Челси» клубунун стадионунда мусулмандар үчүн ооз ачар уюштурулду
Спорт
«Челси» клубунун стадионунда мусулмандар үчүн ооз ачар уюштурулду

«Челси» Стэмфорд Бридж стадионунда Рамазан айынын урматына жергиликтүү мусулман коомчулугу үчүн ифтар уюштурду.

Иш-чаранын алкагында «Челсиде» ойногон биринчи кара түстүү оюнчу Пол Кановилл сөз сүйлөдү.

— Мындай нерсе башыман өткөн эмес. Бирок мындай учур дайыма кайталанып турушун каалайм, — деди Кановилл.

Учурда «Челси» клубунун курамында бир катар мусулман футболчулар ойнойт. Алардын катарына Уэсли Фофана, Н’Голо Канте, Хаким Зиеш жана Маланг Сарр кирет.

«Стэмфорд Бридж» ачык ифтар өткөргөн Премьер-Лиганын алгачкы стадиону болду.