Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү 26-октябрда алышы мүмкүн. Бул тууралуу ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысынын орун басары Амангелди Исаев коомдук биринчи каналга билдирди.
Шарт боюнча чек арадагы фитосанитардык көзөмөл бөлүмдөрү Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болору менен эле алынышы керек болчу. 4-октябрда Евразиялык экономикалык комиссия казак өкмөтүнө фитосанитардык көзөмөл бекеттерин алуу маселесин 10 күндүн ичинде карап чыгууну сунуштаган. Эгер коңшулар фитосанитардык көзөмөлдү албаса, бул маселе 27-октябрда Минскиде өтө турган, Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынында дагы көтөрүлөт.