Жаңылыктар
Айсулуу, Айпери жана Мээрим Казакстанда болчу Азия чемпионатына катышат
Спорт
Айсулуу, Айпери жана Мээрим Казакстанда болчу Азия чемпионатына катышат

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Казакстанда өтө турган Азия чемпионатына катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасынын курамы белгилүү болду.

Турнир 9-апрелде Алматы шаарында старт алат. Эркин күрөш боюнча мелдеште 10 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстан улуттук курамасына 7 спортчу кирди. Аларды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жетектейт.

Кыз-келиндер күрөшү 11-12-апрелде болот.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстан курамасынын тизмеси:

57 кг - Бермет Нурдин кызы

59 кг - Калмира Билимбекова

62 кг - Айсулуу Тыныбекова

65 кг - Дилназ Сазанова

68 кг - Мээрим Жуманазарова

72 кг - Нурзат Нуртаева

76 кг - Айпери Медет кызы

Башкы машыктыруучу - Нурбек Изабеков

Ага машыктыруучу - Байгазы Кенжебаев