Эркин күрөш боюнча Казакстанда өтө турган Азия чемпионатына катышуу үчүн Кыргызстан курама командасынын курамы белгилүү болду.
Турнир 9-апрелде Алматы шаарында старт алат. Эркин күрөш боюнча мелдеште 10 комплект медаль ойнотулат.
Кыргызстан улуттук курамасына 10 спортчу кирди. Аларды башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетектейт.
Эркин күрөш боюнча мелдеш 9-10-апрель аралыгында өтөт.
Эркин күрөш боюнча Кыргызстан курамасынын тизмеси:
57 кг - Алмаз Сманбеков
61 кг - Улукбек Жолдошбеков
65 кг - Тайырбек Жумашбек уулу
70 кг - Орозбек Токмамбетов
74 кг - Исламбек Орозбеков
79 кг - Адилет Маратбаев
86 кг - Нуртилек Карыпбаев
92 кг - Мирлан Чыныбеков
97 кг - Арсалан Турдубеков
125 кг - Музафар Жапуев
Башкы машыктыруучу - Руслан Маджинов
Ага машыктыруучу - Сүймөнкул Таабалды уулу жана Ислам Тазабеков