Улуттук курамалардын беттештери жайга чейин соңуна чыкты. Ал эми клубдук футболдун бүтүшүнө дагы эки айдай убакыт бар. Англия Премьер-лигасында “Арсенал” 20 жылдан бери алгачкы жолу АПЛди жеңип алганы турат. Бирок "замбирекчилердин" жолунда бир катар кыйынчылыктар болушу ыктымал. Ошол тууралуу сөз кылалы.
“Арсенал” чемпиону болуш үчүн эмне керек?
1. Көңүлдүн баарын АПЛге коюу.
Артета азырынча анча керек эмес мелдештерден кутулду. Буга чейин лондондук команда испаниялык адистин жардамы менен Англия кубогу жана өлкө супер кубогун уткан. Ал эми башка турнирлерде дагы күч сынашууга азырынча ресурс жетишсиз. Европа лигасын жеңгенге караганда, Англия чемпионатын уткан алда канча ийгиликтүү болот. Анткени “замбирекчилер” 20 жылдан бери бул трофейди башынан өйдө көтөрө элек.
2. Жадыбалдагы бир аз артыкчылык.
Гвардиоланын бульдозери канчалык жакшы болбосун, Артетанын шакирттери учурдагы чемпиондордон бир нече упайга алдыда. Январь-февраль айларында 4 ийгиликсиз беттеш өткөргөнүнө карабастан (Премьер-Лигадагы үч оюндан эки жеңилүү жана бир тең чыгуу) испаниялык машыктыручу командасына туруктуулукту алып келип, жадыбалдагы атаандаштарына башка мүмкүнчүлүк берген жок. Алдыда 11 тур бар жана “Манчестер Сити” биринчи орунга чыкканга убакыт жок эмес. Бирок шаардыктар чемпионатта жок дегенде бир жолу ката кетириши мүмкүн.
“Арсеналдын” лиганы жеңүүсүнө эмне тоскоол болот?
1. Жаз мезгилиндеги кыйынчылыктар.
Артета жана “Арсенал” улуттук курамалардын оюндарынан кийин дайыма кыйналып келет. Былтыр жаз мезгилинде еврокубоктон четтеп, Чемпиондор лигасынын жолдомосунан куру калган. Ал эми быйылкы сезондо январь-февраль айында кайра кыйынчылыкка кептелди. Акыркы үч оюнда бир упай гана алып, “Сити” убактылуу биринчи орунга көтөрүлгөн. Бирок алар дагы бир канча жолу жаза басып, сап башын тарттырып жиберди.
2. Калган беттештердеги атаандаштар.
“Арсенал” алдыда Чемпиондор лигасынын жолдомосун алып калайын деген “Ливерпулга” жолугат. Андан кийин алдыда жылдыздарга жык толгон, бирок оюнун таппай жүргөн “Челси” жана тайманбас “Ньюкасл” командасына туш келет. “Канонирлер” үчүн беттештердин дээрлик жарымы жүз пайыз эң татаал сыноо болот, анда упай алуу жана андан да көп жеңишке жетишүү кыйынга турат. 11 оюндан турган марафонго “Манчестер Сити” даяр. Ал эми “Арсенал” даярбы?
3. Командадагы көйгөйлөр.
Лондондуктарда ресурс жетишсиз жана жетишерлик ротация кыла алышпайт. Бирөө жарым жаракат алып же дисквалификация болсо, анын ордуна альтернатива жокко эсе. Мисалы, Жезус көпкө четтеп калып, ордуна чыккан Нкетиа 100% мүмкүнчүлүктөрдү колдоно алган жок. Эгерде лидерлерден бирөө эле бир жумага жок болуп кетсе, “Арсеналдын” оюнуна терс таасирин тийгизет.
Акыркы жолу “Арсенал” Англия Премьер-лигасын 2003/04-жылы уткан. Андан кийин көбүнчө Чемпиондор лигасынын жолдомосу үчүн гана күрөшүп жүрдү. Азыркы курамда титул үчүн күрөш жургүзүү тажрыйбасы жок. Бирок жаракаттар жана башка тышкы факторлор таасирин тийгизип койбосо эле, “Арсенал” көптөн күткөн трофейди “Эмирейтске” алып келиши ыктымал.