Жаңылыктар
Токтогулда эки мектеп толук оңдоодон өтөт
Аймак
Токтогулда эки мектеп толук оңдоодон өтөт

Токтогул районунун Бала-Чычкан жана Үч-Терек айылдарындагы мектептери быйыл капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт. 

Мындай тапшырманы аталган мектептерден кабар алган учурда парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлүнө берди. 

Жаӊы-Жол айыл аймагындагы Бала-Чычкан айылындагы Айылчы Иманбаев атындагы орто мектеп 1990-жылы курулуп, андан бери эч кандай капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Жыл сайын жергиликтүү бюджеттин эсебинен утурумдук актоо-сырдоо иштери гана жүргүзүлүп келет. Билим уясында 46 мугалим эмгектенип, 740тан ашык окуучу билим алат. 

Ал эми Үч-Терек айылындагы №29 Муктар Нургазиев атындагы орто мектеп 1987-жылдан бери пайдаланууда. Учурда капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж.