29-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 906 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 266 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 155 куб метрди түзүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.