Жаңылыктар
Санариптик өнүктүрүү министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптик өнүктүрүү министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Айтымбетом Ренат Калкабаевич Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү Тескемеге 2023-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Кийизбаева Жазгуль Ильичевна Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү Тескемеге 2023-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев расмий түрдө Санариптик өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратына жаңы дайындалган Санариптик өнүктүрүү министринин орун басарларын тааныштырды.
Ошондой эле жолугушуу учурунда башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат орундарынан бошотулган Министрдин мурдагы орун басарлары Абдисамат Сагымбаев менен Айдарбек Мамбеткадыровду Санариптик өнүктүрүү министрлигинин аппаратынын жамааты ардак менен узатышты.