Жаңылыктар
Эдил Байсалов Швециянын Кыргызстандагы элчиси Томас Данестадды кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Эдил Байсалов Швециянын Кыргызстандагы элчиси Томас Данестадды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Швеция Королдугунун Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Томас Данестадды ишеним грамотасын тапшырганына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Швециянын ортосундагы маданий-гуманитардык, соода жана өнөр жай кызматташтыгы жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле Европа Биримдигине төрагалык кылуучу өлкө катары Швециянын күн тартибиндеги артыкчылыктарды талкуулап, Борбор Азия менен Скандинавия мамлекеттеринин аймактар аралык кызматташуусун түзүү боюнча пикир алышты.

Өз кезегинде Швециянын Кыргызстандагы элчиси Томас Данестад Кыргыз Республикасы менен Швеция Королдугунун ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүгө даяр экендигин ырастады.