Жаңылыктар
Президент Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды
Экономика
Президент Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып, өлкө экономикасындагы азыркы кырдаал, акча-кредиттик саясат жана валюта рыногундагы жагдайдан маалымат алды. 

Толкунбек Абдыгулов, Ислам өнүктүрүү банкы менен биргеликте исламдык каржылоо принциптерине негизденип иштей турган жаңы эки институт: коммерциялык банк менен өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо боюнча инвестициялык фондду түзүү тууралуу айтып берди. 

Президент Алмазбек Атамбаев каржы системасындагы туруктуулукту кармоо үчүн өз учурунда чара көрүүнүн маанилүү экендигин белгиледи.