Жаңылыктар
«Учкун» басмаканасына заманбап техникалар келди, эми паспорт, күбөлүк басып чыгарыла баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
«Учкун» басмаканасына заманбап техникалар келди, эми паспорт, күбөлүк басып чыгарыла баштайт

Буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров “Учкун” басмаканасын жаңылоо жана анын техникалык базасын жакшыртуу тапшырмасын берген. Бүгүн аталган басмаканага чет өлкөдөн жаңы заманбап техникалар келип түшүп, жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө. 

Орнотуу иштери аягына чыккандан кийин, басмакана ID-card, жалпы жарандык паспорт, айдоочулук күбөлүк, унаалардын техникалык паспортун даярдап баштайт.«Учкунда» буга чейин аттестат, күбөлүктөр, дипломдор сыяктуу жөнөкөй мамлеттик иш кагаздар гана басылчу. Жада калса көп нускалуу китептерди басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү дагы аз болгон. 

Ушул убакытка чейин, ID-card Түштүк Корея, жалпы жарандык паспорт Германиялык жеке компания тарабынан, ал эми айдоочулук күбөлүк Казакстандан даярдалып келген. 

Албетте, бул үчүн мамлекеттик бюджеттен көп суммадагы акча каражаттары коротулуп келген. Мындан ары документтерди Кыргызстан өзү даярдайт, андан түшкөн киреше мамлекеттин казынасына түшөт. Китеп басып чыгаруу боюнча дагы техникалык шарттар түзүлөт, анда кыска аралыкта көп нуска басып чыгаруу, ага жараша баасы арзандайт.