Футбол адилетсиз спорт. Кээ бир футболчулар башынан аягына чейин жогорку деңгээлде оюн өткөрүп, тарыхка из калтырып, бирок бир дагы трофей утпай кетишет. Ошол эле кезекте чоң майрамдарда гана оюнга чыгып жүргөн футболчулар титулдарды текчеге чогултушат.
Келгиле, бир дагы титулу жок атактуу футболчуларды эстеп көрөлү
Харри Кейн, «Тоттенхэм»
Акыркы 10 жыл ичинде Англиянын башкы чабуулчусу Премьер-лигада 20 же андан көбүрөөк гол киргизип келет. Бирок анын башкы көйгөйү – клуб. Кейн «Тоттенхэм» клубунун тарбиялануучусу жана ушул жерде чоң футболго аттанган. Бирок шпорлор чоң майрамдарда гана ийгиликке жетип келишет. Акыркы жолу лондондуктар 2008-жылы Англия лига кубогун жеңген. Анда Харри Кейн 14 жашта гана болгон.
Футболчу трофейден алыс деп айтпайм. Ал Чемпиондор лигасы менен Англия лига кубогунун финалында ойносо, Англия чемпионатында 2-орунду ээлеген. Андан тышкары, Англия улуттук курама командасынын катарында Европа чемпионатынын финалына, Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чейин жеткен. Ар бир маанилүү беттеште Харрини жеңилүү күтүп турду. Учурда ал 29 жашта жана алтын медаль тагынганга мүмкүнчүлүк дале бар. Бирок жыл өткөн сайын коздөгөн максатынан алыстап барууда.
Димитри Пайет, «Марсель»
Акыркы он жылдыктын дагы бир белгилүү европалык футболчусу да трофей ута элек. Клубдук деңгээлде титул жеңүү шарты Пайетте көп болгон эмес. Ал «Нант», «Сент-Этьен», «Лилль» жана «Вест Хэм» командасында ойногон. Учурда «Марсель» командасынын намысын коргоп келет. Клубдук карьерасында ал бир жолу гана титулга жакын болгон. 2018-жылы «Марсель» менен Европа лигасынын финалына чейин барган. Ал оюн Пайет үчүн чоң драмага айланган. Анткени ал жаракат алып, командасы «Атлетико» клубуна 0:3 эсебинде тизе бүккөн.
Кейн сыяктуу эле Пайет дагы Европа чемпионатын утканга жакын болгон. 2016-жылы өз үйүндө Франция курамасы финалга чейин жетип, Португалияга утулуп калган. 2018-жылы Франция курамасы Дүйнө кубогун утканда, Пайет тизмеде жок болчу. Пайет 35 жашта жана трофейсиз калуу коркунучу бар.
Антонио Ди Натале, карьерасын бүтүргөн
Ди Натале футбочлу катары дана трофей утпайт. Италия А Сериясында жаркыраган чабуулчу карьерасын 90-жылдары баштап, 2000-2010-жылдары мыкты футболун тартуулаган. Карьерасынын көбүндө Ди Натале жөнөкөй «Удинезе» командасында өткөргөн. Италиялык футбочлу жеке игиликтери менен гана мактана алган. Мисалы, эки жолу Италия чемпионатынын бомбардири (2010, 2011) жана бир жолу өлкөнүн мыкты оюнчусу (2010) деп табылган.
Ди Натале улуттук курама менен ийгилик багынтууга жакын болчу. 2002-2012-жылдар аралагында мезгил-мезгили менен чакыртылган. 2006-жылы Италия дүйнө мундиалын уткан, бирок Антонио курамага чакыртылган эмес. Андан кийин Евро-2008 мелдешинде чечүүчү пенальтини киргизе албай калды. ДМ-2010 турниринде тайпадан чыкпай калган.
2012-жылы Ди Натале кубок утканга чукулдаган. Анткени менен Европа чемпионатынын финалында Испанияга 0:4 эсебинде утулуп калышкан.
Эрик Ламела, «Севилья»
Ламела тизмедеги мурунку оюнчулардан денгээл жагынан артта, бирок Англиядагы оюну менен кеңири белгилүү. Кейн сыяктуу эле Ламела дагы «Тоттенхэм» клубунда ойногон. Демек, шпорлордо ойногон футболчуда кайдагы трофей болсун? Карьерасында «Ривер Плейт», «Рома» жана үстүдө айтылган «Тоттенхэмде» оюн жүргүзгөн. Азыркы тапта Ламела «Севильянын» футболчусу. Испаниялык клуб көпчүлүк учурда титулдар музейин толуктап турушат. Бирок Эрик келгенден бери баары өзгөрүп кетти. Учурда андалусиялыктар Испания чемпионатында кийинки сезонго калыш үчүн күрөшүп жүрөт.
Ламела азыр 31 жашта жана бир нерсе утканга мүмкүнчүлүк бар. Ким билет, балким «Севилья» адатынча Европа лигасын утуп коет.