Бишкекте Экспо 2023 Евразия-Кыргызстан деп аталган өндүрүшчүлөрдүн жарманкеси башталды. Анда ата мекендик ишкерлер өндүрүш товарларын сунуштады. Бир нече чет мамлекеттерден да ишкерлер келип, биргелешкен ишканаларды ачуу, Кыргызстанда өндүрүлгөн курулуш материалдарын, кийим-кечектерди жана экологиялык таза азыктарды сатып алууга кызыкдар болууда.