Жаңылыктар
Африканы байырлашкан тоту куштар Ак-Талаанын кышкы суугуна туруштук берет
Кыргызстан жаңылыктары
Африканы байырлашкан тоту куштар Ак-Талаанын кышкы суугуна туруштук берет

Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылынын тургуну Света Кенеева үч жылдан бери экзотикалык тоту куштарды багып, жердештеринин кызыгуусун жаратууда. 

Айтымында, куштарды асырап багуу анча оор эмес жана арзан. Болгону жем, суудан кем кылбай, алдын өз убагында тазалап коюу керек. Мисалы, экөөнө бир айда жарым килограмм гана таруу жетиштүү болот. 

Негизинен Африканы жана Австралияны байырлашкан канаттуулар адегенде Ак-Талаанын кышкы суугуна туруштук берет деген ишеним жок болчу. Бирок багуусу жакшы болсо алар кыштан кыйналбай чыгып кетерин көрсөттү.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118