Жаңылыктар
Ленин районунда шайлоо 28-майда өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ленин районунда шайлоо 28-майда өтөт

Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. 

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, № 26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча депутатты шайлоо 28-майда өтөт. 

Мөөнөтүн мурда шайлоону өткөрүүгө аталган округдан депутат Жаныбек Абировдун мандатын тапшырганы негиз болду.