2022-жылы жөлөкпулдар 100%дан 200%га чейин көбөйдү.
Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Андай жазылгандай, Баткен облусуна өзгөчө статус берилгенине байланыштуу, чек арада жайгашкан аз камсыз үй бүлөлөрдүн балдарына 2400 сомдон берилип жатат. Жалпысынан өлкө боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 2021-жылы 3 млрд 804 млн 325 миң сом, 2022-жылы 4 млрд 879 млн 681 миң сом жөлөкпул төлөнгөн.
Ал эми бала кезинен майыптыгы барларга мурда 4000 сом төлөнсө, 2022-жылдан бери 8000 миң сомдон төлөнүп жатат. Мүмкүнчүлүгү чектелген категориясына жараша төлөмдөр 100%дан 200%га чейин көбөйгөн. Ата-энесинен ажыраган балдарга берилүүчү төлөмдөр боюнча, 2022-жылдан баштап, жарым жетим балдарга 1000 сомдон 3000 сомго, томолой жетим балдарга 2000 сомдон, 6000 сомго чейин жөлөкпул көбөйгөн.
Бул максатка 2021-жылы 4 млрд 136 миң 685 миң сом, 2022-жылы 7 млрд 910 млн 498 миң сом сарпталган.
Персоналдык ассистентке мурда 4000 сом төлөнсө, 2022-жылдан тарта 6300 сомго жогорулап, жалпы бюджети 2021-жылы 491 млн 589 миң сомду, 2022-жылы 805 млн 933 миң сомду түзгөн.
Интернат жатак үйлөрүндө жашаган майыптыгы бар жана улгайган жарандардын бир күндүк тамак ашына каралуучу төлөмдөргө эки эсе кошулган.
Бул үчүн, 2021-жылы мамлекеттин бюджетинен 79 млн 558 сом каралса,
2022-жылы 166 млн 938 миң сом бөлүнгөн. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен, 2022-жылы аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында 2800 үй-бүлөгө 100 000 сомдон кайтарымсыз акча каражаты берилген. Быйыл, 2023-жылга 10 миң үй-бүлөгө 100 000 сомдон берилет. Бул каражат, чакан ишкерчилик менен алектенүүгө, эмгек кылууга шыктандырат" деп жазды Дайырбек Орунбеков.