Он беш күндөн бери Ысык-Көлдү коргоо, аны балык кармаган торлордон тазалоо жана мыйзамсыз иштерге бөгөт коюу аракеттери жакшы жыйынтык берүүдө.
Белгилей кетсек мамлекеттик органдар биргелешип жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө көлдүн ичинен 12 миң метрден ашык балык торлору тазаланып, үч тоннадан ашык ар кандай зыяндуу заттар чыгарылды.