Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Жалал-Абад облусундагы иш сапары Аксы районунда уланууда.
Анын алкагында "Кербен" аэропортунун абалы менен таанышты. Аталган аба майданы ишке берилсе, 350 миңден ашуун тургун үчүн аба каттамы ачылып, жергиликтүү элге ыңгайлуу шарт түзүлөт. Ошондой эле, төрага бир катар социалдык объектилерди көрүп чыкты.