Жаңылыктар
Акылбек Жапаров менен Ма Синжуй жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров менен Ма Синжуй жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий Бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуй баштаган кытай делегациясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 

Министрлер Кабинетинин башчысы кыргыз-кытай мамилелери жакшы коңшулук, достук, кызматташтык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделип прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгиледи. 

Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү экенин эске алып, Министрлер Кабинетинин башчысы СУАРдын мамлекеттик жана жеке ишканаларын, компанияларын тоо-кен, айыл чарба тармагында жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, энергетика, транспорт жана логистика боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды. 

Акылбек Жапаров транспорт-логистика тармагындагы маселелерге өзгөчө көңүл бурду, тагыраагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарында инфраструктураны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, динамикалык жана инвестициялык кызматташууга тоскоол болгон айрым чектөөлөрдү алып салуу жана соода жүргүзүүдө өз ара пайдалуу шарттарды түзүүнү кошумчалады. 

Өз кезегинде Ма Синжуй эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, “СУАР өз ара соода жүргүзүүнүн өсүү тенденциясын сактап калуу үчүн бардык зарыл болгон күч-аракеттерди жумшоого жана Кыргызстанда ыңгайлуу бизнес жүргүзүү үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн эске алуу менен, ошондой эле кытай инвестицияларын тартууга даяр”, - деди.