Жаңылыктар
Бокс боюнча эл аралык мелдеште үч кыргызстандык мушкер беттешет
Спорт
Бокс боюнча эл аралык мелдеште үч кыргызстандык мушкер беттешет

Кыргызстандын спортчулары Сербияда өтүп жаткан бокс боюнча эл аралык турнирде күч сынап жатат.

Belgrade Winner мелдеши 29-мартта Белград шаарында старт алган.

Бүгүн, 31-март күнү 37 боксчу рингге чыгат. Ал эми Кыргызстандын атынан үч мушкер беттешет.

Турнирдин алгачкы күнүндө Кыргызстандын атынан 3 мушкер чыгып, экөөсү жеңишти камсыздаган. Аскат Култаев 63,5 кг чен бирдикте алжирлик каршылашы Жогуртха Айт Бекканы жеңсе, 86 кг салмак категориясында Эркин Адылбек уулу марокколук Мохаммед Асагхирди утуп, кийинки баскычка жолдомо алган.

57 кг

Баяман Азисбек уулу – Мишель Балдасси (Италия)

63,5 кг

Аскат Култаев – Lounes Hamraoui (Франция)

86 кг

Лазар Лазаревич (Сербия) – Эркин Адылбек уулу