Жаңылыктар
Бишкекте видеокөзөмөл камераларын орнотуу уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте видеокөзөмөл камераларын орнотуу уланууда

Бшкек шаарынын Биринчи май районунда видеокөзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда. 

Муниципалитеттен билдиришкендей, Эркиндик бульварынын 4 кесилиши, Чүй проспектиси, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрү атайын жабдуулар менен жабдылды. 

Жакында жүздү тааныган дагы 4 камера орнотулат. Кесилиштерде орнотулган камералар күнү-түнү иштейт. 

Мындан тышкары, соода-сатык жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталат.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунун аймагына жүзүн таануучу жана аралыктан кол менен башкаруу мүмкүнчүлүгү бар 50дөн ашык камера орнотулат.