Жаңылыктар
Кыргызстанда 2500 бейтап мамлекеттин эсебинен гемодиализ алат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 2500 бейтап мамлекеттин эсебинен гемодиализ алат

Кыргызстанда 2500 бейтап мамлекеттин эсебинен гемодиализ алат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев Биринчи радиого берген маегинде билдирди. 

Анын айтымында, учурда өлкөдө гемодиализге мурдагыдай айлап, жылдап кезек күтмөй жок. 

"Бейтап керектүү кагаздарын көрсөтсө эле бир жуманын ичинде базага киргизилет. Учурда бул тармактагы көйгөй 100 пайыз чечилди", — деди Мамадалиев. 

Ошондой эле республикада бөйрөгүн жана боорун алмаштырып келген 400дөн ашуун оорулуу бар экени, алардын трансплантациядан кийин иче турган дары-дармеги мамлекет тарабынан бекер камсыздалып жатканы кошумчаланды. 

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматы боюнча, 2021-жылы мамлекеттин гемодиализ базасында 1 миң 833 бейтап каттоодо турса, 2022-жылы 2 миң 202 адам катталган. 

Фонд Кыргызстанда жыл сайын бөйрөк оорулары көбөйүп жатканын эскертип, аны алдын алуу үчүн дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп коюуну сунуштаган.