Жаңылыктар
Жалал-Абадда коррупцияга шектелип “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда коррупцияга шектелип “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери кармалды

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) фактысынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук бөлүмүнүн мурдагы башчысы С.З.Т.» ошондой эле жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн азыркы адистери «А.Э.И.» жана «М.А.» кармалышты.Кармалгандар туруктуу коррупциялык схеманы түзүп, жасалма документтерди (жер участогун жана долбоордук документтерди берүү боюнча) пайдалануу менен жер тилкелерине жеке менчик укугуна мыйзамсыз мамлекеттик актыларды чыгарып, материалдык пайда алуу жана жеке байыуу максатында, кылмыштуулукка жол бергени аныкталган.Азыркы учурда КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан кызмат адамдарынын кылмыш иштеринин жана башка фактыларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.