Жаңылыктар
Кыргызстан менен Кытай 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди курат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Кытай 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди курат

Кыргызстан менен Кытай 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди курат. 

Бул туурасында меморандумга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий Бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кол коюлду.

 Ошондой эле Кытайга электр энергиясын экспорттоо жөнүндөгү меморандумга кол коюлуп, Кыргызстан – КЭР СУАР Ишкерлер кеңешин түзүү макулдашылды. Ысык-Көл облусу менен КЭР СУАРынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндөгү протоколго кол коюлуп, Синьцзян медициналык университетинин экинчи ооруканасы менен медициналык кызматташуу боюнча макулдашылды. Жана “Или-Синхэ” ЖЧШ жана “БТК” ЖЧКсынын ортосунда автоунааларды сатып алуу боюнча келишим түзүлдү.