Жаңылыктар
КСДП фракциясы коалициядан чыкты
Саясат
КСДП фракциясы коалициядан чыкты

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыкты. Мындай маалыматты фракция лидери Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, КСДПнын бүгүнкү жыйынында коалициядан чыгуу чечими кабыл алынган. Фракциядагылар мунун себебин - көпчүлүк коалициядагы фракциялардын саясий көз карашы дал келбегендиги менен түшүндүрдү.

"Кийинки кездеги окуялардан, карама-каршылыктардан улам көпчүлүк коалициядагы фракциялар оппозиция жана позицияга бөлүнүп калды. Андай коалициянын өмүрү кыска болот. Ошондуктан, биз чыгып жатабыз", - деп белгилей кетти Омуркулов.