Жаңылыктар
КСДП фракциясы билдирүү таратты
Саясат
КСДП фракциясы билдирүү таратты

КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгуу боюнча өзүнүн билдирүүсүн таратты. Анда “Биз өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына каршы чыккандар менен бир коалицияда боло албайбыз” деп айтылат. Фракциянын билдирүүсүн толугу менен сунуштайбыз.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги КСДП фракциясынын билдирүүсү

 Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясы, 2015-жылы 2-ноябрдагы Коалициялык макулдашуунун негизинде түзүлгөн парламенттеги көпчүлүк коалициясынын курамынан чыкканын жана ага ылайык, парламенттик көпчүлүк статусунан ажыраганынан улам, коалициянын ишмердиги токтогонун билдирет.
Биздин фракция коалицияны түзүү менен ал иштеген бардык мезгилде тең укуктуу жана тең жоопкерчиликтүү өнөктөштүк маанайын арттыруу аракетин көрүп келди. Коалицияны бекемдөөгө аракет кылган Жогорку Кеңештин көптөгөн депутаттарына ыраазыбыз. Алардын жардамы менен өлкөнү өнүктүрүү жана туруктуулукту чыңдоо үчүн көп нерсени жасоо мүмкүн болгонун билдиргибиз келет. Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктары жана элибиздин жакшылыгы үчүн компромисстик чечимдерди таап келдик.
Коалицияда карама-каршылыктар мурда эле башталган. Ал барына белгилүү эле жана ал тууралуу көп сөздөр жүрүп келди.Ошентсе да биз коалицияны сактап калууга бүт күчүбүздү үрөдүк. Бирок, мурдагы айрым өнөктөрүбүздүн соңку иш-аракеттери, КСДП фракциясы келишүүгө мүмкүн болбогон оор проблемаларын ачып көрсөттү.
Биз акаевдер жана бакиевдер менен жалпы кызыкчылыгы бар жана азыркыга чейин алардын көрсөтмөлөрүн аткарып жатышат деп айтылган адамдар менен бир коалицияда боло албайбыз. Өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктарына каршы тургандар менен да бир коалицияда боло албайбыз. Мунун баары конституциялык реформанын жүрүшүндө ачык-айкын көрүндү.
Мурда айрым өнөктөрүбүздүн мародерлукка катыштыгы жок деп ишенгибиз келген эле. Бирок, эми алардын дарегине карата эң жаман айыптоолор тууралуу айтылып жаткан фактылар менен күбөлөр улам көп чыккан сайын, жаңы жагдайлар менен фактылар толук териштирилип бүткөнчө, алар менен бир коалицияда болбой турууну туура таптык.
КСДП фракциясы Кыргыз Республикасынын депутаттарын жоопкер коалиция түзүүгө, өлкө алдында турган стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу боюнча жаратман иштерди улантууга чакырып, демократиянын жана Кыргыз Республикасынын эгемендигин бекемдөөнүн жолунда, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү саясатын бөлүшкөн парламенттеги бардык саясий күчтөр менен кызматташууга даяр экенин билдирет.