Жаңылыктар
Пландан тышкары: Президент Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине барды
Кыргызстан жаңылыктары
Пландан тышкары: Президент Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине барды

Президент Жапаров бүгүн, 1-апрелде, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментин пландан тышкары текшерип барды.Департаменттин аймагында көп жылдардан бери жараксыз абалга келген шаардык автобустар токтоп турат.

Маалым болгондой, Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен жакын арада шаардын муктаждыктары үчүн миң жаңы автобустан турган кошумча партия келери күтүлүүдө.

Борбор калаада транспорт маселесинин акырындап чечилиши менен, бардык кичи автобустар шаардын четине чыгарылат.Президент Жапаров борбор калаанын муниципалитетине жараксыз болгон бардык эски автобустарды тез арада металлоломго чыгарууну жана аймагын кеңейтип, жаңы автобустарга орундарды даярдоону тапшырды.

Ушул эле башкармалыктын аймагында техникалык тейлөө станциясын куруу боюнча иштерди тездетүү тапшырылды. Аны келишим боюнча жаңы алынып келинген автобустардын өндүрүүчүсү болгон кытайлык завод курат.Техникалык тейлөө станциясында бардык жаңы автобустар күнүмдүк оңдоодон тез өткөрүлүп, алардын техникалык абалы жакшы сакталып турат.