Кыргызстан акыркы беш-алты жылдан бери электрдин тартыштыгын айрыкча сезип келет. Өзгөчө кыш келген сайын кыштан кырсыгы жок кантип чыгабыз деген көйгөй бар. Анткени электрге болгон жылдык керектөө орточо алты-жети пайыздын айланасында өсүп жатат. Абоненттердин жана электрди керектеген өндүрүштүн саны көбөйүүдө.
Бүгүнкү күндө өзүбүз өндүргөн электр керектөөнү толук жаппай калды. Жылына үч млрд кВт саатты сырттан алып жатабыз. Мамлекет мындай абалдан чыгуу үчүн ири ГЭСтер менен бирге эле чакан ГЭСтерди курууну колго алды. Күн менен шамалдын энергиясын алган станцияларды куруу да башталды.