Жаңылыктар
Сахна жашоосуна өмүрүн арнаган аял кишинин арманы
Маданият
Сахна жашоосуна  өмүрүн арнаган аял кишинин арманы

Борбор калаада, Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаштар театрынын артисттери көрөрмандарына Жумабек Осмоновдун  “Көрүстөн периштеси” аттуу аллегориялык пьесасынын негизинде коюлган спектаклин тартуулап жатышат.

2003-жылы жазылып, быйыл алгачкы жолу коюлган пьесанын режиссеру Эрик Тургунбаев. Аллегориялык жанрда жазылган пьесанын маңызы, убагында аты алыска таанылган белгилүуү айымдын  тагдырына байланыштуу.

Бардык жашоосун сахна үстүнө арнаган анын аялдык, энелик милдетин бул дүйнөдө аткара албай калган өкүнүчү көрсөтүлөт. Мындан тышкары адамдардагы бири-бирин жек көрүү,  орун  талашуу, көрө албастык терс сапаттар анын сөзүндө сүрөттөлөт.






Көрөрмандарга руханий азык тартуулаган аталган театрдын сырты жасалып, коомчулукка жарыяланганы менен ичинин абалы мурункудай таз кейпинде экендигине да күбө болуп кайттык.