Жаңылыктар
Санариптештирүү Бажыдагы кирешени көбөйттү
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптештирүү Бажыдагы кирешени көбөйттү

Өткөн февраль айында Бажыдан түшкөн кирешенин көрсөткүчү мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп болду. Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын февраль айында республикалык бюджетке 6 млрд 488 млн сом бажы төлөмдөрүн төктү. Ал эми январь айында болсо аталган кызмат 6 млрд 42 млн сом чогулткан. Ошондо эки айдыкын кошкондо 12 жарым млрд сом болду. Ал эми март айында болсо, бажычылар 6 миллиард 574 миллион чогултушу керек болчу. 25-мартка карата бул сумманы 6 миллиардов 450 миллион сомун чогултушкан. Демек бул айда да план аткарылды.

Бажыдан чогулган акчага кайра кайрылсам, анын ичинде акыркы алты жылдын мааламатына. 2017-жылы бажы алымдарын чогултуу 34 миллиард сомду түзгөн. Кийинки жылы бир аз көбөйүп көрсөткүч 40 млрд болсо, эң эле рекорд делген 2019-жылы 43 миллиардга жеткен. Андан кийин пандемия башталып, 20-жылы 30 млрд сом түшкөн. 2021-жылы абал турукташып, чогултуулар 46.9 млрд болсо, былтыр бажы тармагы планды сегиз пайыз өсүү менен аткарып, 74 млрд сом чогулткан. Быйыл 94 млрдды максат кылып жатышат.

Мынча акча мурда кайда кетип жүргөн деген суроо да жаралбай койбойт. Кайсы бир деңгээлде бажыдагы кара схемалар каражатты казынага түшүрбөй, кайсы бир бажычынын, аны калкалагандардын капчыгына түшүрүп турган. Тармактагы автоматташуу жана санарип тейлөөнү киргизүү мындай адам фактору таасир эткен схемалардын иштөөсүн жокко чыгарды. Ошол эле маалда кымбаттоонун да таасирин эске алуу керек.