Бул көл дүйнөдөгү эң ири 25 көлдүн бири жана тереңдиги боюнча жетинчиде турат. Ага сексенге жакын ар кандай булак, дарыя агып кирет бирок бирөө да агып чыкпайт. Космонавт Алексей Леонов бул көлдү космостон көрүп, дүйнөнүн көзү деп атаган. Бул көл тууралуу тарыхый булактарда биздин заманга чейинки экинчи кылымдын аяктарында жазылган. Кытай жазмаларында Же-Хай деп айтылат. Которо келгенде жылуу көл дегенди билдирет. Албетте сөз кыргыз бермети Ысык-Көл тууралуу болуп жатат.
Ирандагы Урмия көлү. Гавайидеги Вайау көлү, Израильдеги өлүк деңиз, Казакстандагы Арал деңизи, АКШдагы Пеньер көлү-булар жок болуп кеткен же соолуп бара жаткан суу ресурстары. Алардын жок булуусунда адамзаттын түздөн түз таасири же адамзаттын табиятка келтирген зыянынын таасири бар. Мен жогоруда санагандан башка да ондогон көлдөрдүн тагдыры татаал абалда турат. Табияттагы баланстын минтип бузулуп баратышы табигый кырсык же катаклизма.
Жердин көзү, кыргыз бермети Ысык-Көлдө мындай ири табигый көйгөйлөр жок болгону менен суунун жээктен алыстап, тартылып баратканын байма-бай айтып келишет. Жээктеги көлдү тазалап турган өсүмдүктөрдөн суунун алыстап баратканы бир көйгөй. Экинчиси суу түбүндөгү таштанды, акыр-чикир. Учурда көлдү таштандыдан тазалоо жумуштары жүрүп жатат. Былтыр өлкө башчысынын “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө жарлыгы да чыккан.