Эл аралык стандарттарга ылайык, эгер адам күнүнө эки доллардан аз коротсо жакыр деп таанылат. Бизде ар бир төртүнчү адам ушул статистикага туш келет. Ал эми мамлекет аз камсыз болгон үй-бүлө деп үчтөн 16 жашка чейинки балдары бар 110 миңден ашык түтүнгө жөлөк пул берет. Ошону менен бирге эле жөлөк пул алганы, албаганы болуп 2022-жылдын 1-июнуна карата республика боюнча 220 миң аз камсыз үй-бүлө аныкталган.