Жаңылыктар
Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фонду кичи жана чакан бизнести каржылайт
Экономика
Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фонду кичи жана чакан бизнести каржылайт

Биринчи радионун  «Күндүн темасы» уктуруусунда Кыргыз-Россиялык  өнүктүрүү фондунун каржылык долбоорлору, аны ишки ашыруунун учурдагы абалы туурасында сөз болду.

   Уктурууга Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү Фондунун төрагасынын орун басары  Эркин Асрандиев жана экономика илимдеринин доктору Бейшенбек Ишенов катышты.

   Өткөн аптада Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев   Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү Фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алган. Жолугушууда мамлекет башчы мындан ары кичи жана орто бизнести, анын ичинде өлкө банктары аркылуу да, арзан жана узак мөөнөттүү насыялар менен, камсыз кылуу үчүн өнүктүрүү Фондунун ишин бардык багыттар боюнча активдештирүүнүн маанилүү экендигин баса белгилеген.