Жаңылыктар
Өлкөдө бир күндө эки ирет жер титиреди
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө бир күндө эки ирет жер титиреди

Кыргызстандын аймагында эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 29-августта саат 14:11де Талас облусунун аймагында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ушул эле күнү 23:47де Ош облусунун аймагында дагы жер титиреген. Жер титирөөнүн очогу Жаңы-Асык айылынан 3 км түштүк-чыгышта, Куршаб айылынан 12 чакырым түштүк-батышта, 

Кара-Суу айылынан 17 км түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 25 чакырым түндүк-чыгышта жайгашып, күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Жаңы-Асык, Сары-Колот, Жар-Ооз, Кызыл-Сенгир, Отуз-Адыр айылдарында 3 балл, Правда, Кара-Суу, Киров, Мады, Кызыл-Ордо, Кара-Жыгач, Курбу-Таш, Савай, Куршаб айылдарында 2,5 балл сезилген.