Жаңылыктар
Алымбек-Датка менен Каныкейдин эстелигин оңдоп-түзөө иштери башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Алымбек-Датка менен Каныкейдин эстелигин оңдоп-түзөө иштери башталды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык калаадагы Алымбек-Датка жана Каныкейдин эстеликтерин толук оңдоп түзөөдөн өткөрүү жумуштары башталды. Учурда долбоор даярдалып, жумушту жасоочу компания тендерден аныкталган.

Алгач Алымбек-Датканын, андан соң Ош районундагы Каныкейдин эстелигинин айланасы толук жасалат. Мында эстеликтердин урап, сынып калган таштары, жазуулары жаңыланат. Айланасы көрктөндүрүлүп, таман таштар алмаштырылат.

Ал эми улуу инсандардын аты-жөнүн көчүрүп, жулуп кетпөө үчүн ташка чегилип жазылат.

Ош шаарында жалпы 44 эстелик бар.

Аларды оңдоп түзөө иштерине жыл сайын 1 млн. сом акча каражаты бөлүнөт.