Өлкө боюнча мектептердин салынышы “Санарип карта” долбоору аркылуу көзөмөлгө алынууда. Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкерлеринин айтымында, анда ар бир курулушту онлайн карап отурса болот. Мекеменин алдына - билим уяларынын имаратынын курулушун өз убагында бүтүрүп, ишке берүү талабы катуу коюлган.