Жаңылыктар
Александр Крестинин башкы машыктыруучу кызматынан кетти
Спорт
Александр Крестинин башкы машыктыруучу кызматынан кетти

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кызматынан кетти.

Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун расмий баракчасы жазып чыкты.

Александр Крестинин улуттук курама менен 2014-жылдан бери иштешип келген. Анын жетекчилиги астында “Ак Шумкарлар” 2019-жылы Азия кубогуна катышкан. Ал жакта 1/8 финалдык баскычка чейин жетип, турнир ээси БАЭ курамасына 2:3 эсебинде утулуп калган.

Белгилей кетсек, Крестининдин жардамы менен “Ак Шумкарлар” экинчи Азия кубогуна да жолдомо алган.