Жаңылыктар
Бокс: Анвар Ходжиев эл аралык мелдеште күмүш байге тагынды
Спорт
Бокс: Анвар Ходжиев эл аралык мелдеште күмүш байге тагынды

Кыргызстандык боксчу Анвар Ходжиев Сербияда болгон эл аралык мелдеште күмүш байге тагынды.

Belgrade Winner мелдеши 28-март 2-апрель аралыгында Белград шаарында өттү.

Анвар Ходжиев 48 кг салмак категориясында кч сынашып, жолун 1/2 финалдан баштады.

Жарым финалда кыргызстандык мушкер казак спортчусун утуп, бирок финалда орусиялык атаандашына жеңилип калды.

Белгилей кетсек, IBA эл аралык даражадагы калыс Муаш Ырсалиев турнирдин мыкты калысы деп табылды.

48 кг

Жарым финал

Анвар Ходжиев - Ернар Карап (Казакстан) - 3:2

Финал

Адам Алвиев (Орусия) - Анвар Ходжиев - 5:0