Жаңылыктар
Кеңсеге уурулукка кирген балдар камерага түшүп калган
Кыргызстан жаңылыктары
Кеңсеге уурулукка кирген балдар камерага түшүп калган

Бишкекте кеңсеге уурулукка кирген балдар видеокамерага кирип калган. Алар кармалды. 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, Токтогул көчөсүндө жайгашкан кеңселердин бирине белгисиз адамдар терезедн кирип, ичинде 600 миң сом бар сейфти, 46 миң сомдук “Adidas” үлгүсүндөгү эки бут кийимди уурдап кеткен. 

Кылмышка шектелип 22 жана 14 жаштагы эки бала кармалып, бирөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Ал эми жашы жете элеги келип кол коюп туруу менен коё берилди. 

Мындан сырткары алардын башка уурулук фактыларына тиешеси бар экендигини аныкталууда.