Жаңылыктар
Ысык-Көлгө сига жана форелдин чабактары коё берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлгө сига жана форелдин чабактары коё берилди

Ысык-Көлдөгү балыктарды көбөйтүү максатындаЖети-Өгүз районундагы Липенский булуңуна 600 миң даана сига, Жети-Өгүз,Жыргалаң жана Ак-Суу дарыяларына 130 миң даана форель балыгынын чабактары коеберилди.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, балыктар “Тоң балык заводу”мамлекеттик ишканасынын инкубациялык цехинде өстүрүлгөн. 

Аталган ишкана мартайында 4 млн 600 миң даана сиганын, форелдин 300 миң чабагын көлгө коё берген.Жалпысынан быйыл Ысык-Көлгө 4 млн 900 миң чабак коё берилди. 

Бул иш-чаралардагы улана берээрин министрликтен билдиришти