Жаңылыктар
Актердун өмүрүн алган жол кырсыгы... Мукамбет Токтобаевди эскерүү
Маданият
Актердун өмүрүн алган жол кырсыгы...  Мукамбет Токтобаевди эскерүү

2015-жылдын 30-июль күнү болчу... Капыстан селт эттирген кайгылуу кабар угулду. “Мукамбет Токтобаевди машина сүзүп кетиптир...”  Бир аз мурда эле чыгармачылыгынын   50 жылдык бенефисин өткөрбөдү  беле? Аттиң! Көп кырдуу талант, чоң сахнада 27 жашында “Курманбек” спектаклиндеги  алтымыштагы каардуу Тейитибек хандын ролун ойноп, көрүүчүлөрдү таң калтырып, театр дүйнөсүндө  реалдуу образды жараткан дагы бир актердун келгенинен кабар берген.

Мукамбет Токтобаев Ысык-Көлдүн Барскоон айылында 1947-жылдын 5-майында жарык дүйнөгө  келет. Мектепте окуп жүргөн кезинде  эле ар өнөргө  шыктуу болот. Комузду күүгө келтирип, мандолинаны сыздата чертип, аккордеондон  кубулжута   үн созуп, мектеп  сахнасында роль жаратып, өнөрү менен жаштайынан тегерек-четке  тааныла баштаган.

Мукамбет Токтобаев  өзүн дайыма  издөө жолунда болгон, мектепти аяктаган соң, Балыкчы шаардык маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп иштейт.Анан, филармония, 1967-жылдын жаз айында Москвадагы А. В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтуна жөндөмдүү  улан-кыздардын катарына кошулуп, актердук кесипке окуганы СССРдин борборуна жөнөп кетет.

Москвада  актердук чеберчиликти мыктап үйрөткөн окуу жайынан   окуган  жоон топ  актерлордун тобу менен 1972-жылы  Ош шаарындагы жаныдан  уюштурулган кыргыз драма театрына келишет. Ошондо  жараткан  Тейитбек хандын образы актердун алгачкы  визиттик карточкасы болуп калат. Ал театрда  иштеген төрт жыл аралагында бир нече борбордук ролдорду аткарат.

1977-жылы М. Токтобаев Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына келип кирет.  “Машырбек үйлөнөт” аттуу комедиясындагы Машырбектин ролу  да чыгармачылык жолундагы ийгиликтүү ролдордун бири болуп калды.  Көрүнүктүү  драматург, театр таануучу, режиссер Ж.Кулмамбетов актер тууралуу жылуу пикирин айткан: “Бою деле жапалдаш, анын үстүнө ал учурда анча толук да эмес Мукамбет Токтобаевдин сахнаны толтуруп гигант болуп көрүнгөнүнүн сыры мени өтө таң калтырган. Мунун сыры - көрсө актердун ички дүйнөсүнүн, талант кудуретинин масштабынынын өзгөчө теңдешсиз экендиги - аны ошондой гигант кылып көрсөтчү экен”.

Мукамбет Токтобаевдин  актердук талантынын дагы бир кыры Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасындагы Семетейдин эпикалык образын жаратууда көрүнгөн.
 “Эпос драмалык сахнада” деген макаласында Жаныш Кулманбетов минтип жазган: “Семетей – Токтобаевдин баскан-турганы, ар бир кыймыл-аракети, эмоционалдуу дүйнөсү, өзгөчө салмактуулугу жана жана масштабдуулугу эпостон бекем орун алган “бала жолборс”, “кабылан”, “көк жал”, “айкөл” деген каймана мүнөздөмөлөргө төп келишип калган. 

Мисалы, “Тайторуну сүрөө” сахнасында Семетей – Токтобаев “айсыз түндөй түнөрүп, каар бетине айланып”, “эжекеси” Каныкейдин башын кыя чабууга беленденип, жаалдуу жолборс сыңары сүрүн салып келе жаткан учуру, же болбосо, “көмүрчүдөн кеп угуп, элиң бөлөк деп угуп” он эки күн наар албай кабылан сымал комдонуп жаткан көрүнүшү жана ушуга окшогон бир кыйла сахналарда, артист жараткан образын эпикалык каарманга гана таандык сыпатка жеткирип, өзү да эпостун каарманы менен камыр-жумур жуурулушуп, биригишип кеткенсип туюулат. Өзгөчө, артисттин эркин чыккан коңур үнү, эпикалык каармандын элесине ого бетер көрк берип, бараанын арттырып турат.”

Спектаклдин борбордук каарманынын  образын жараткан, спектаклди эпикалык  бийиктикке жеткирген  Мукамбет Токтобаев 1989-жылы Жамал Сейдакматова уюштурган “Тунгуч” жеке менчик театрында иштей баштап, Ж. Кулмамбетовдун “Чынгызхандын купуя сыры” драмасындагы Чынгызхан, драматург Ж. Өзүбекованын “Карагыз” драмасындагы Шамбеттин ролун жаратат.
 1995-жылы М. Токтобаев кайрадан Кыргыз мамлекттик академиялык драма театрына кайтып келип, Жалил Садыковдун “Ормон хан” спектаклинде султан Кенесарынын, Шекспирдин “Король Лиринде” – Лир падышанын  өтө масштабдуу, көркөм табияты аябагандай бийик образдарын жаратты.
 Ал жараткан образдар өтө кенен, боектуу, кыргыз жана дүйнөлүк, орус драматургдарынын  спектаклдериндеги борбордук кейипкерлер.

Жазган жана коюлган пьесалары - “Көл жээгиндеги үй”, “Апендинин жоруктары”, “Кайран энең Каныкей”, тартылган кинолору - «Фудзиямадагы кадыр түн», "Чиркин өмүр", "Айыл өкмөтү", "Сокур кемпир көрөгөч", "Чыңгызхан", "Президент менен бомж", обондору«Каркыралар», «Кыздар жана көйнөктөр», «Биз отурган автобус», кыскасы, санай берсек өтө эле арбын.

КР эл артисти, театр жана киноактер, драматург, обончу Мукамбет Токтобаев кыргыз театр өнөрүнүн  залкар таланттарынын  катарын толуктап, эстен  кеткис  образдарды өзүнүн нукура, табигый таланты менен жаратты.

Аттиң дүйнө! Кенен палитралуу ролдорду жараткан Мукамбет Токтобаев жол  кырсыгынын курмандыгы болду...

                                                        Гүлмира  Кулумбаева