Жаңылыктар
Адам өлтүрүүгө шектүү Казакстанга качууга аракет кылган
Кылмыш
Адам өлтүрүүгө шектүү Казакстанга качууга аракет кылган

Чүйдүн Кара-Балта шаарында адам өлтүрүүгө шектелген жаран Казакстанга качууга аракет кылган. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Эскерте кетсек, кечээ 22:40тар чамасында милицияга Кара-Балта шаарында жайгашкан “Алладин” кафесинде 27 жаштагы жарандын киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. 

Шектүү бүгүн түнкү үчтөр чамасында Кыргызстан-Казакстан чек арасындагы “Чалдабар” өткөрүү постунун алдынан кармалган. Шектүү Сокулук районунун 32 жаштагы тургуну.